Биз менен байланышыңыз

Ташкент — Балыкчы поезди өз ишин баштады

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 930 | 0

Бүгүн, 6-июнда Ташкент — Балыкчы темир жол каттамы өз ишин баштады. Алгачкы поезд Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй жолго чыкты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Поезд бейшемби күндөрү саат 20:50дө (Ташкент убактысы боюнча) Ташкенттен чыгып,  жума күнү саат 16.03тө Бишкекке жетет. Саат 20:30да Балыкчы шаарына келип токтойт.

Ал эми Балыкчы шаарынан ишемби күндөрү түнкү саат 1:59да чыгат.

Жол кире: Плацкарт вагону — 2 943 сом, купе — 3 885 сом, ал эми «люкс» вагондор — 6 950 сом.

Бир тарапка ылайыкталган билетти бир жума мурда ушундай баада алса болот.  Ал эми башка убактарда мөөнөтүнө жана вагонго жараша сумма өзгөрүшү мүмкүн.

Ташкент — Балыкчы темир жол каттамы сентябрь айына чейин жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM