Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ташкент — Балыкчы поезди Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 461 | 0

Бүгүн, Ташкент — Балыкчы темир жол каттамындагы алгачкы поезд Кыргызстанга келет. Аталган темир жол каттамы жанданып, кечээ поезд Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттен Кыргызстанга сапар алган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлаган.

Бүгүн кечки саат 20:30да ал Балыкчы шаарына жетет.

Ал эми Балыкчы шаарынан ишемби күндү түнкү саат 1:59да кайра Өзбекстанга чыгат.

Ташкент — Балыкчы темир жол каттамы сентябрь айына чейин жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM