Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Абдраимовдун аракетине баа берет

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 508 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган мамилесине өкүнүүнү билдирет. Себеби, мындай окуя бардык аткаруу бийлигине көө жаап жатат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Чыңгыз Эсенгуловдун айтымында, премьер-министр мамлекеттик орган жетекчилеринен ар дайым ачык-айкын иштөөнү талап кылат. Ал дайыма ушундай жол менен гана бийликке жана анын кабыл алган чечимдерине болгон элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн экенин көрсөтүп келет.

Ошондой эле, Абдраимовдун аракеттерине окуянын чоо-жайын толугу менен изилдеп чыккан соң, баа бере турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү Орок айылында Айт намаздан кийин балдар мушташа кетишкен. Окуя болгон жерге өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов келип, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, журналисттердин бирине: «Келбетиңиз жакпайт, ошон үчүн сурооңузга жооп бербейм», — деп кетип калган.

Бүгүн, 6-июнда журналисттерге жооп берип, анда журналисттен кечирим сурабай турганын жана кылганына өкүнбөй турганын айтып, залдан чыгып кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM