Биз менен байланышыңыз

Этностор аралык мамилелер боюнча агенттик: Ороктогу окуяда улуттар аралык кастык жок

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 599 | 0

Орок жана Жаңы-Жер айылындагы окуяда улуттар аралык кастык жок. Мындай билдирүүнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги билдирди.

Окуя болгон жерге агенттиктин директорунун орун басары Эсенбек Тогонбаев жана бир катар жетекчилери барганы маалыматта айтылат.

Алар Орок жана Жаңы-Жер айылында болуп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Аталган агенттик бул окуяны бейбаштык катары кароо керектигин, мында улуттар аралык кастыктын белгилери жок экенин расмий билдирди.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Окуя болгон жерде күч органдары абалды курчутпоо аракетин көрүп жатышканы да кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM