Биз менен байланышыңыз

Ороктогу окуяга байланыштуу 25-30 адам кармалды

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 851 | 0

Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыгып, бир өспүрүм ооруканага жаткырылды. Анын абалы туруктуу экенин Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү эрте менен үч бала уруша кетип, экөөсү бирөөсүн сабап койгон.

Ички иштер министрлиги бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси боюнча каттады.
Ал эми шектүүлөр 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. аттуу жарандар убактылуу жайга киргизилди.

Андан соң жабыркаган баланын жакындары нааразычылык көрсөтүп, мыйзамга каршы келген аракеттерге барганы аталган органдын маалыматында айтылат.
15тей үйдүн терезеси талкаланган жана бир үйдүн короосундагы үйүлүп турган чөп өрттөнгөн.

Бул окуяга тиешелүү 25-30 чакты жаран кармалган. Абалды жөнгө салуу максатында Орок айылына министр Кашкар Жунушалиев да барган. Ички иштер министрлиги бул окуяны улуттар аралык жаңжал катары каттабай турганын да эскертти.

Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кемал Фыраттын да барганы, жергиликтүүлөр менен сүйлөшкөнү маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM