Биз менен байланышыңыз

Жаш мекендештердин Бүткүл дүйнөлүк оюндары: Кыргыз спортчулары алгачкы медалдарды утушту

Кыска кабар , Спорт | 5 Июн 2019 | 511 | 0

Кыргызстандык суучул Елизавета Рогожникова Жаш мекендештердин V Дүйнөлүк оюндары мелдешинде чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Елизавета Рогожникова эркин ыкмада 50 жана 200 метр аралыкка сууда сүзүүдө биринчи орунду камсыздаган. Ал ошондой эле, 100 метр аралыккка комплекстүү жарышка да түшүп, экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.

Ушу күндөрү Орусиянын Ханты-Мансы аймагында Жаш мекендештердин V Дүйнөлүк оюндары өтүп жатат.

Мелдеште кыргызстандык футболчулар да финалга чыгып, Болгариялык достору менен алтын медаль үчүн беттешке чыгышат.

Ал эми шахмат боюнча өтүп жаткан мелдештин тогузунчу турунан кийин жаш мекендештерибиз командалык эсепте биринчи орунга көтөрүлдү. Таймаш уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM