Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын курамасы жаш футболчу Гүлжигит менен толукталат

Кыска кабар , Спорт | 4 Июн 2019 | 572 | 0

Палестина менен беттешке даярданып жаткан Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курамасына бүгүн жаш оюнчу Гулжигит Алыкулов кошулат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады.

Ал учурда белоруссиялык «Неман» командасында ойноп жатат.

Улуттук курама 11-июнда Бишкекте Палестина курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул беттеш Кыргызстан курамасынын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу туруна даярдыктын алкагында уюшулган.

Буга карата башкы машыктыруучу Александр Крестининдин балдары кечээ Кант шаарында алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM