Биз менен байланышыңыз

Түркия Орусия рыногундагы ордун жоготушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 879 | 0

Түркия Орусия рыногундагы ордун жоготушу мүмкүн. Мындай пикирин Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин билдирди.

Анын айтымына караганда, Түркиянын жашылча жемиштеринин сапаты Өзбекстандын өндүрүмдөрүнө караганда төмөн.

«Өзбекстандан келген өндүрүмдүн сапаты жогору болгондуктан, Орусия калкы жакшы кабыл алат. Мисалы мага Өзбекстандын помидору жагат. Тагыраак айтканда алардын помидору даамдуу. Мындан улам, өзбек товарларын биздин рынокто көбөйтсөк болот. Эгерде андай болсо, Өзбекстандан келген өндүрүм Орусия рыногунан башка өлкөлөрдү сүрүп чыгышы мүмкүн. Мисалы, Түркияны», — дейт Орешкин.

Маалым болгондой, Түркия Орусияга жылына миңдеген тонна жашылча жемиш экспорттойт. Алардын арасында помидор да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM