Биз менен байланышыңыз

Австриянын жаңы канцлери ишке киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 658 | 0

Австриянын убактылуу канцлери Бригитте Бирляйндын инаугурациясы болуп өттү. Кызматка отуруу аземи Венадагы Президенттик кеңседе орун алды. Бул тууралуу Венанын маалымат каражаттарына таянып, Хабар 24 агенттиги кабарлады.

Мурдагы канцлер Себастьян Курцтун ордуна келген Бригитта Бирляйн Австриянын тарыхында алгачкы аял канцлер катары калды. Бирляйн бул кызматты ушул жылдын сентбярь айында өтчү шайлоого чейин аркалайт.

Эске сала кетсек, Австрия президенти Александер Ван дер Беллен Себастьян Курц жетектеген Өкмөттү отставкага кетирген. Ошондой эле, эң жаш канцлер аталган Себастьян Курц бийликте эң аз отурган жетекчи катары тарыхта калды. Тактап айтканда, ал кызматында болгону 525 күн гана отурган.

Copyright © 2017 Maral FM