Биз менен байланышыңыз

Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 923 | 0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалды. Ал ага чейин Батукаевдин түрмөдөн бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде сурак берип чыккан.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Саляновага каршы мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев көрсөтмө берген.

— Өзүнө жолугуп чыктык, дарыларын, жылуу кийимин бердик. Бир канча күндөн бери жөтөлүп жаткан экен. Милиция дарыгер чакыртабыз деп айтышты. Мурдагы аскер прокурору  Майрамбек Акматалиев эки күн камакта отуруп чыгыптыр, ал тергөө менен келишип, «Мени чыгарасыңар, Салянованын мага буйрук бергени тууралуу көрсөтмө берем», — деп айтыптыр. Бирок Аида Салянова менен прокурордун көрсөтмөлөрү бири-бирине каршы келип жатат. Биз Салянованын ымыркайы бар экенин жана башка жагдайларды эске алып, аны үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтиребиз. Калганын сот чечет.

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Салянованын баш коргоо чарасы каралат.

Кошумчалай кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалган болчу. 2013-жылдын апрелинде айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деген бүтүм чыгып, камактан бошотулуп, Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин иши боюнча 2019-жылы кайра жанданып, тергөө иштери жүрүүдө.

Анын алкагында кримтөбөлдүн «рак оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кармалып, ал 22-майда үй камагына бошотулган.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да камалган. Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM