Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан өз паспортун өзү чыгара алабы?

Коом | 3 Июн 2019 | 795 | 0

Жогорку Кеңеште жалпы жарандык паспорттун жана айдоочулук күбөлүктүн бланктарын өлкө ичинде даярдоого мүмкүнчүлүк берүү боюнча мыйзам долбоору көтөрүлүп, талкууга чыкты. Демилгечилердин бири Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, тендер жарыялап, каражатты башка компанияларга бербей эле, мамлекет өзү жасаганга шарт түзүп алышы керек. Керектелүүчү каражаттын жалпы суммасы 2 миллион долларды түзөрүн маалымдап, «Учкун» мамлекеттик ишканасына керектүү жабдыктарды алып берип, акча менен камсыздай алсак, паспортко бланктарды чыгарууга болот» — дейт депутат.

— Паспорттун көп функциялары Кыргызстанда эле жасалат. Бирок бланк башка жактан келет. «Учкун» мамлекеттик ишканасына керектүү жабдыктарды алып берсек, өзүбүзгө эле жакшы болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө жеке менчик компаниялар өзүлөрүнүн чөнтөгү үчүн иштеп, бааларды кымбаттатып жатышат. Учурда болгону 2 млн долларлык эле бланк чыгаруучу каражатка муктажбыз. Аны алып алсак, өзүн бир жылда эле актап коёрунан күмөнүм жок.

Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев да колдоп, Кыргызстан паспортун өзү чыгарса, коопсуздук маселеси да чечилмек деген ойдо. «Эгерде бардык жабдыктар үчүн баш-аягы 2 млн доллар керектелсе, бул каражат мамлекет үчүн анчейин деле көп эмес», — деп эсептейт.

— Коопсуздук жактан жакшы болмок. Тендер жарыяланып, анын негизинде канчалаган каражаттар алардын чөнтөгүнө кетип жатат. Ага караганда мамлекет бюджетинен 2 млн доллар бөлүп берсе, кошумча акчанын түшүшү андан көп болуп жатпайбы.

Деген менен IT-Ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров жаңы сунушталып жаткан мыйзамды толугу менен четке кагат. Анын айтымында, паспортту чыгаруу үчүн кымбат жабдыктар керектелет. Ал кадамды жасаганга өлкөнүн чамасы жетпейт. «Мыйзамдарды иштеп чыгып, талкууга коюу оңой, бирок ишке ашыруу кыйын», — дейт Абакиров.  «Эч качан мамлекеттик кызыкчылыкты бизнеске алмаштырбаш керек», — деп, буларга токтолду:

— Паспортту Кыргызстандан жасаган фабрика ачабыз деген сөздөр жүрүп жатат. Бул мыйзам долбоорду көтөрүп жаткан адам бизнестеги экономиканы толугу менен түшүнбөйт. Анда ушундай сыяктуу маселелерди көтөрсөңөр, бизде толтура унаа жүрөт. Анда унаа чыгаруучу завод ачкыла! Бул маселени ушуну менен салыштырып айткым келип жатат. Унаа заводго милиарддаган доллар керектелет. Андай каражатты Кыргызстандын бюджети көтөрө албайт. Боло турган нерсеге умтулуш керек го! Көп эле нерсени көтөрүп чыгып, аягына чыкпай эле калып жатат. Паспортту бул жакта жасаганга болбойт. Анын көйгөйү көп. Бюджет да жетпейт.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Тайырбек Сарпашев бул маселе мурун да көтөрүлүп, каражатын эсептеп чыгышканын, депутат болжогондой, 2 млн доллар эмес, жабдууларды сатып алууга эле 15-17 млн евро кетерин билдирди. Кайра өзүн-өзү актабай каларына команданын көзү жетип, ишти токтотуп коюшканын кошумчалады.

— Мыйзам долбоору көтөрүлгөнү жакшы. Бирок бул маселени ишке ашыруу кыйла кыйын. Баары келип эле каражат маселесине такалат. Буга чейин биз да эсептеп чыкканбыз. «Өзүн-өзү актайбы?» — деген суроого келип такалганбыз. Тилекке каршы, сарпталган акча кайра ордуна келбей калат экен. Ошон үчүн бул маселени токтотуп койгонбуз.

Бегилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тендер чырын козгоп, анын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми аталган кызматтын төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында.

Copyright © 2017 Maral FM