Биз менен байланышыңыз

Матраимов: Акчалар кайрымдуулук максатында жөнөтүлгөн

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 901 | 0

«Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган миллиондор тууралуу Искендер Матраимов 5-каналдын түз эфиринде жооп берди. Ал  «Ысмайыл ата» фонду 2014-жылы соопчулукту көздөп түзүлгөнүн айтты. Айэркин Саймаити жана Вуфули Бумаилиаму аттуу жарандардын атынан фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2 338 700 доллар которулганы боюнча да маалымат берди. Депутат муну четке кагып, болгону алардын дарегинен 2 эле жолу акча которулганын айтты.

— Анын бирөөсү 2016-жылдын 25-августунда, бири 20-октябрда келген. Биринчисинде 100 миң, кийинкисинде 99 миң 958,2 АКШ доллары жөнөтүлгөн. Ага 76 баланын контрагын төлөп окутуп жатабыз. Мечит, футбол аянтчасын курдук. Ал акчалар кайрымдуулукка келген, — деди Матраимов.

Депутат бул теманы иликтеген журналист Али Токтакуновго кайрылып, банкка которулган акчаларды эсептеп чыгууну сунуш кылды.

Кошумчалай кетсек, Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөө даярдап, анда Матраимовдордун атасы «Ысмайыл Ата» фондуна 2 338 700 доллар, Кыргызстандан 5 жыл ичинде 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин да айткан.

Ошондой эле, 2015-2018-жылга чейин келген бардык акчаларга кичи футболдук аянтча, мечит салынганын жана 76 баланын окуусуна төлөнгөнүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM