Биз менен байланышыңыз

Манас Арабаев коррупция боюнча камакка алынды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 574 | 0

Коррупцияга шектелип жаткан Президенттик Аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Президенттик Аппараттын мурдагы өкүлү буга чейин «Коррупция» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалды.

Арабаев жогоруда айтылган кылмыштарга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Буга байланыштуу шектүү кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүк жүргүзгөн обьектилерин рейдерлик жол менен тартып алгандардын, белгилүү бир кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянат пайдалангандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштерди улантып жатканын эскертет.

 

Copyright © 2017 Maral FM