Биз менен байланышыңыз

Футбол: Чемпионаттын лидери «Алай» «Илбирсти» жеңди

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2019 | 497 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 9-турунун алкагында чемпионаттын лидери Оштун «Алай» клубу өз үйүндө Бишкектин «Илбирс» командасын кабыл алды. Бул тууралуу оштук команданын маалымат каражаттары менен иштөө боюнча менеджери Кубанычбек Ураимов «Маралга» билдирди.

Беттеш 4:3 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Чемпионаттагы бомбардирлер жарышында көч баштап келаткан Алайдын чабуулчусу Жоэл Кожо бул беттеште 2 гол киргизди.

КПЛдин 9-турунан кийин «Алай» турнирдик жадыбалда алдыда келатат. Бишкектик «Дордой» экинчиде.

Copyright © 2017 Maral FM