Биз менен байланышыңыз

Норвегиялык футболчу дүйнөлүк чемпионатта 1 оюнда 9 гол киргизди

Кыска кабар , Спорт | 1 Июн 2019 | 518 | 0

Футбол боюнча U 20 жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Норвегиялык футболчу Эрлинг Холанд 1 оюнда 9 гол киргизди.

Бул көрүнүш мелдештин «С» тобундагы Норвегия-Гондурас командаларынын беттешинде болгон.

Норвегия жалпысынан 12:0 эсепте уткан. Анын тогузун Холанд киргизген. Ал биринчи голун беттештин жетинчи мүнөтүндө киргизсе, тогузунчу голун беттештин 90-мүнөтүндө киргизген.

Норвегия өз тобунда Гондурас, Уругвай жана Жаңы Зеландия командалары менен бир группада ат салышууда.

Эске сала кетсек, Футбол боюнча U 20 жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат ушу күндөрү Польшада өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM