Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: «Талибан» абагынан 30 чакты туткун бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2019 | 691 | 0

Ооганстандын коргоо күчтөрү «Талибан» радикалдык кыймылынын абагынан 28 туткунду бошотту. Бул тууралуу Пажвак агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, боштондукка чыккандардын 16сы карапайым тургундар, ал эми 12си күч түзүмдөрүнүн кызматкери. Абак Забул провинциясында жайгашкан.

Туткундар Забул аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын операциянын негизинде бошотулган.

Ооганстанда көп жылдардан бери коргоо күчтөрү менен «Талибан» радикалдык кыймылынын өкүлдөрүнүн тирешүүсү жүрүп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM