Биз менен байланышыңыз

31-майда «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болот

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 555 | 0

Эртең, 31-майда «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болот. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештен кабарлашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын биринчи отуруму болуп, анда «Мегаком» компаниясынын директору Акылбек Жамангуловго «Ачык өкмөт» долбоорунун мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болуп жатканы айтылган болчу. Премьер-министрдин бажасы Рысалиев көп өтпөй кызматтан кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM