Биз менен байланышыңыз

Орусияга жылына 2,5 миллион өзбек иш издеп келет

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2019 | 608 | 0

Жыл сайын Орусияга Өзбекстандан 2,5 милион мигрант келет. Бул тууралуу Орусия Өкмөттүк Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Приходько билдирди.

Анын айтымында, Орусияга өзбектердин көпчүлүгү ишке орношуу үчүн келишет. Булардын айрымдары гана мыйзамдуу агенттиктер аркылуу келсе, көпчүлүгү ортомчу фирмалар аркылуу кирет. Тактап айтканда, алар жасалма документ менен жүрүүгө, жашынып иштөөгө аргасыз болушат. Мындан улам, аларга шарт түзүү жана эмгек укугун коргоо сыяктуу маселелерде эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери убара тартып калган учурлар көп.

2017-жылы түзүлгөн келишим боюнча, жылына керектүү сандагы жарандар Орусияга жумушка кабыл алынат. Бул атайын расмий катталган жумушка орноштуруучу агенттиктердин жардамы аркылуу ишке ашат. Андан сырткары, патентке ээ болгон мигранттар ортомчусуз өз алдынча каалаган жумушун издей алат. Ошондуктан, Сергей Приходько мигранттардын укугун коргоо үчүн, өзбек жарандарына расмий катталган документтер менен жүрүү сунушун берди.

Copyright © 2017 Maral FM