Connect with us

«Центерра» менен өкмөт стратегиялык келишимдин мөөнөтүн 2 айга жылдырды

Кыска кабар | 30 Май 2019 | 991 | 0

«Центерра Голд Инк.» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн Айлана-чɵйрɵнү коргоо жана инвестицияларды ɵнүктүрүү боюнча стратегиялык келишиминин мөөнөтү дагы 2 айга жылдырылды. Бул маалымат компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, буга чейин акыркы мөөнөт 31-май деп белгиленген болчу. Тагыраагы, тараптар стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенге чейин бир катар талаптарды аткаруусу керек.

Кошумчалай кетсек, аталган стратегиялык келишим 2017-жылдын 11-сентябрында кабыл алынып, эки тараптын ортосундагы талаш маселелерди чечүүгө багытталган.

Макулдашууда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан компанияга карата койгон бир катар доо-арызынан баш тартып, Кумтөр алтын кениндеги жаңы участокторду иштетүүгө уруксат бериши керек.

Ал эми «Центерра Голд Инк.» жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүү үчүн 50 млн. АКШ долларын бөлүүгө, жылдык экологиялык төлөмүн 310 миңден 3 млн. долларга чейин көбөйтүүгө жана бир катар төлөмдөргө милдеттендирилет.

Copyright © 2017 Maral FM