Биз менен байланышыңыз

Европа Лигасы: Сувенир болгон билеттер

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 29 мая 2019 | 564 | 0

Бүгүн Баку шаарында Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Европа лигасы мелдешинин финалдык оюну өтөт. Анда Англиянын эки командасы: «Арсенал» менен «Челси» беттешет.

Баку аэропортуна бир күндө 15 миңден ашуун адам батпагандыктан, «Арсенал» менен «Челси» командалары күйөрмандарына 6 миңден билет алышкан. Кийин «Арсенал» 2300, «Челси» 3500 билетти кайтарып берген.

Англиялык күйөрмандар үчүн Бакуга келип-кетүү абдан оор жана кымбат болору белгилүү. Ошондуктан, «Арсеналдын» айрым күйөрмандары билетти сувенир катары сактап коюу үчүн сатып алышкан. Билет алуучуларга үйгө жеткирип берүү кызматы каралган. Ал эми «Челси» күйөрмандары үчүн андай шарт каралган эмес. Алар билетти Бакудан гана ала алышат.

Европа футболдук уюмунун айтымында, жергиликтүү футбол күйөрмандары тарабынан талап жогору болгондуктан, кайра кайтарылган билеттер бат эле сатылып кеткен.

Эске сала кетсек, футбол бүгүн, 29-майда Азербайжандагы Baku Olympic Stadium стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бирде башталат.

Copyright © 2017 Maral FM