Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин Орусиядагы экономикалык форумга катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 542 | 0

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 5-7-июнь күндөрү Орусия Федерациясына иш сапары менен барып, Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Лу Кан бүгүнкү брифингде билдирди. Ошондой эле, бул сапар атайын Путиндин чакыруусу менен уюштурулганын айтты.

Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-8-июнь күндөрү өтөт. Форумдун темасы: «Туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартибин калыптандыруу». Уюштуруучу: «Росконгресс» фонду.

Copyright © 2017 Maral FM