Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: «Чай» тасмасы Канн фестивалында баш байге алды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 674 | 0

LXXII (72) эл аралык Канн кинофестивалынын алкагында «ENTRE 2 Marches» долбоору боюнча өткөрүлгөн кыска метраждуу тасмалардын кароо-сынагында жаш өзбек режиссеру Шокира Холикованын «Чай» тасмасы гран-приге ээ болду.

Белгилүү кинофестивалдын алкагында уюштурулган «ENTRE 2 Marches» аталышындагы чыгармачыл долбоор майыптардын көйгөйүн коомчулукка тасма аркылуу жеткирүүгө багытталган.

Режиссердун айтымында, фестивалга 700дөн ашык режиссер катышкан. Алардын арасынан эң мыкты 25 кино алдыга суурулуп чыккан. Аталган кыска метраждуу тасма буга чейин да көптөгөн эл аралык кинофестивалдарда алгылыктуу сыйлыктарга ээ болгон.

16 мүнөттүк «Чай» тасмасында адамзаттын баалуулугу, ырайымдуулук, улгайган адамдарга болгон сый мамиле баяндалат.

Copyright © 2017 Maral FM