Биз менен байланышыңыз

Венесуэла: Экономика 5 жылда 2 эсе кыскарды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 624 | 0

Венесуэланын экономикалык көрсөткүчү 2013- 2018-жылдар аралыгында 47,7 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, инфляция күчөп, экономикасы 5 жыл ичинде 2 эсеге кыскарган Венесуэлада «экономикалык согуш» жүрүүдө. Нефтиден түшкөн пайда былтыркыга салыштырмалуу бир жылдын ичинде 5,6 пайызга төмөндөгөн. Өлкөнүн Улуттук Банкы билдиргендей, эгерде экономикалык көрсөткүч ушул темпте улана берсе, 2019-жылы өлкөдөгү инфляциянын пайызы 10 миллион боливарга жетип барышы мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкаруу комиссары жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, Венесуэладан кеткен мигранттар менен качкындардын саны дүйнө жүзүндө 3 миллионго жеткен. Ал эми Венесуэла бийлиги өлкөдөгү гуманитардык кризисти жокко чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM