Биз менен байланышыңыз

Касымбеков: КСДП Конституциялык палатага кайрылат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 410 | 0

КСДП жакынкы күндөрү экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө кабыл алынган мыйзам боюнча Конституциялык палатага кайрылат. Бул тууралуу аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда даярдыктар жүрүп жатат.

«Конституциялык палата ыйгарым укугун пайдаланып, туура чечим чыгарат деген ойдобуз. Экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам Конституциянын 10дон ашык, тактап айтканда, 6-28-беренесин бузуп жатат. Анткени, бардык адамдар ар кандай уюмдарга, партияларга биригүүгө, шайлоого жана шайланууга укуктуу. Буга чейин экс-президенттин абсолюттук кол тийбестиги болгон. Эгерде мыйзам КР эл аралык ченемдердин принциптерине каршы келсе, Конституцияны бузду деп эсептелет. Эл аралык укуктарда да биригүүгө, мамлекетик кызматта иштөөгө болгон укуктар чечмеленип жазылган», — дейт Касымбеков.

Ал мындан сырткары, мыйзамдар жеке адамдарга карата жазылбашы керектигин белгилеп, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын артка иштешине каршы экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 25-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Анткени, ал документке ылайык, экс-президенттер саясий партиянын төрагасы жана мүчөсү боло албайт.

Copyright © 2017 Maral FM