Биз менен байланышыңыз

Шойгу иш сапары менен Тажикстанга келди

Дүйнө | 28 мая 2019 | 583 | 0

Орусия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстандын Коргоо министри Мирзо Шерали сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга келди. Бул тууралуу Орусия коопсуздук жетекчилигинин маалымат-катчысы Россияна Марковская билдирди.

Сергей Шойгу алгач Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болуп, андан соң эки өлкөнүн Коргоо министрлери жолугушат. Анда, Тажикстандагы куралдуу күчтөр кызматын модернизациялоо жана 201-орусиялык аскердик базанын ишке кириши сыяктуу маселелер талкууланары айтылууда.

«Жолугушуудагы негизги максат, Тажикстанда жайгашкан орус аскердик базасын жаңы курал-жарактар менен камсыздоо жана тажик армиясын модернизациялоо боюнча сүйлөшүү» — дейт Марковская.

Copyright © 2017 Maral FM