Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Айыл чарба тармагын санариптештирүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 540 | 0

«Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде айыл чарба тармагын санариптештирүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагындагы адамдык факторлорду азайтуу зарыл. Анткени, санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу менен жумуш азаят.

«Программисттердин жумушу аркылуу көп нерсени жеңилдетебиз. Ар бир иштин майын чыгарсак, глобалдык атаандаштыкты да жеңип кетебиз. Завод-фабрикалар ар бир аймакта болушу керек. Кыргызстанда көп жерде талааларга суу жетпейт. Бул кырдаалда да жаңы технологияларды колдонуп, тамчылатып сугаруу системасын алып келүү зарыл», — дейт Токтогазиев.

Ал мындан сырткары, дыйкандар чыгымга учурап жатканын, жумушсуздук өскөнүн белгиледи.

«Мигранттар көп болуп, 270 миңден ашуун бала ата-энесиз чоңоюп жатат. Дыйкандардын кызыкчылыгын ойлобогондор да бар. Азыркы абал мага «дыйкандарды өлтүрүү керек» дегендей таасир калтырууда», — дейт Токтогазиев.

Copyright © 2017 Maral FM