Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроо» балдар колониясында өттү

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 438 | 0

«Акыркы коңгуроо» салтанаты Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылындагы балдар колониясында өттү. Бул жылы аталган колонияда 11-классты бир окуучу, ал эми 9-классты 3 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Алардын бирөөсү белгиленген мөөнөтүнөн эрте бошотулууга уруксат кагазын алды.

Мектептин акыркы окуу күнү салтанаттуу линейка менен башталып, мугалимдер окуу жылынын аякташы менен окуучуларды куттукташты.

Кошумчалай кетсек, жазасынын мөөнөтү аяктай элек бүтүрүүчүлөргө колониянын астында түзүлгөн  кесиптик мектепте окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM