Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Нарын облусундагы жетекчилерди сындады  

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 402 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында аймактык жетекчилердин демилгесиздигин сынга алды.

«Инфратүзүмдүк объекттердин курулушун, айрыкча, калкты таза суу менен камсыздоону жана билим берүү мекемелерин тийиштүү көзөмөлгө алгыла. Бүгүн тилекке каршы, жергиликтүү жетекчилердин өз милдеттерине кайдыгер мамилесине күбөбүз. Эч демилгесиз, райондордун жана шаарлардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин түшүнүшпөйт» — деди Өкмөт башчы аймак жетекчилери менен болгон кеңешмеде.

Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр район акимдерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү, коомдук турмуштун жана экономиканын бардык тармактарында кеңири статистика жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, мал чарбачылыгында көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлгө алуу, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүү боюнча буйрук берди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, экономиканы өнүктүрүүгө аймактардан таасирдүү чаралар көрүлбөсө, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүү мүмкүн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM