Биз менен байланышыңыз

Олег Панкратов кызматтан кетти

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 615 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго Экономика министри Олег Панкратовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Олег Панкратов 2018-жылдан бери аталган кызматты аркалап келген. Ага чейин, 2015-жылдан баштап 2017-жылга чейин, вице-премьер-министр болуп иштеген.

Эске салсак, бүгүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев да өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM