Биз менен байланышыңыз

Нурбек Мурашев кызматтан кетти

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 610 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, министр кызматтан кетүү тууралуу кечээ, 23-майда арыз жазган. Бул маалыматты өкмөт да ырастады. Мурашевди кызматтан алуу боюнча сунуштаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президентке жөнөткөнүн кабарлады.

Министрдин мындай чечимге келишине ден соолугунун начарлап кеткени себеп болгону айтылууда.

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына 2016-жылы дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM