Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова «Бирдиктүү терезенин» ачылышына катышты

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 473 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана  медициналык техника менен камсыздандыруу департаменти уюштурган «Бирдиктүү терезенин» ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, бирдиктүү терезенин ачылышы өлкөнү санариптик трансформациялоонун курамдык бөлүгү болгон электрондук саламаттыкты сактоо программасын ишке ашыруунун алкагында зор мааниге ээ.

Электрондук саламаттыкты сактоо программасынын негизги идеясы бардык саламаттыкты сактоо уюмдарын бирдиктүү тутумга бириктирүү.

Анын максаты – жарандарыбызга сапаттуу жана өз убагында медициналык кызмат көрсөтүү, калкты коопсуз, натыйжалуу жана жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыздоо жана  дары-дармек аткезчилигин жоюуга, импорттук дарылардын баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө болуп саналат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM