Биз менен байланышыңыз

Умар Нарбеков: «Sajda» спорттук кийимдерин дүйнөлүк брендге айлантабыз

Без рубрики | 26 мая 2019 | 13364 | 0

Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программанын бул жолку коногу: «Sajda» спорттук брендинин негидөөчүлөрүнүн бири Умар Нарбеков 

Sajda спорттук брендинин аталышын көп ойлондук

Негизги максатыбыз: мусулман боордоштордун башын бириктирүү. Андыктан, шариятка туура келген, мусулмандар үчүн ыңгайлуу улуттук брендди чыгарууну чечтик. Себеби, бизге «Арабдардын кийимин кийип алдыңар, арабдашып кеттиңер, фанат болуп баратасыңар» — деген сыяктуу кине көп коюлчу. Анын үстүнө, ички рынокто башка өлкөнүн кийимдери каптап кетти, ошондуктан, чет өлкөнүн кийимдерин эмес, өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийишсе деген кыялдануунун артынан ушул бренд жаралды десек болот.  Бренддин негиздөөчүсү — Абдулазиз байкебиз. Аталышы боюнча көпкө ойлонуп отуруп, шариятка ылайык, мусулманча кийим болгондуктан, «Sajda» деген ысым берүүнү чечтик. Албетте, жеке эле мусулмандарга эмес, кызыккандардын баарына арналат. Негизи, кыргыз аялзаты эч качан ачык жүргөн эмес, мындан улам, шариятка да, заманга да ылайык кийимдин түрүн тандадык.

Дүйнөлүк брендге айланууну максат кылабыз

Кийимдердин кездемесин Түркиядан алабыз. Атайын фирмаларына тапшырык берип, болушунча сапаттуусун тандаганга аракет кылабыз. Андан сырткары, биздин жиберген моделдерибиз менен Түркия тигип берген кийимдерди да сатабыз. Анткени, ал жакта текстиль тармагы жакшы өнүккөндүктөн, чыккан өндүрүм кыйла сапаттуу. Бизден чыккан кийимдердин моделин мезгилге жараша чийип беребиз. Анан тажрыйбалуу 5 тигүүчүбүз тигип берет. Аны адегенде өзүбүз кийип көрөбүз. Талапка жооп берсе гана сатыкка чыгарабыз.

Учурда 7 моделдеги кийимди жана өзгөчө спорттук кийимди чыгаруудабыз. Айрыкча, эркектердин спорттук кийимдерине басым жасайбыз. Себеби, аялдардын, балдардын кийимдери көп тигилгени менен, эркектер үчүн шариятка туура келген кийимдер аз экен. Анан да, «Спортчуларыбыз чет өлкөдөгү мелдештерге барганда, өзүбүздүн өлкөнүн кийимин кийип барышса», — деген изги ниетибиз бар. Дегенибиз, мусулман өлкөлөрүндөгү мелдештерине биздин кийимдерди кийип барган айрым спортчуларыбыздан кызыгып сурашкандар көп болуп жатыптыр. Ошондон улам, «Ички рынок менен эле чектелбей, коңшу өлкөлөргө да кызматташканга аракет кылалы», — деп чечтик. Алгачкы башталыш катары, Алматы, Ташкентке филиалыбызды ачтык. Жакында Орусияга да ачууну көздөөдөбүз. Себеби, чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз көбүрөөк алып кетип жатышат. Башында Франция, Кореядан чалып, сурагандар болду. Бирок аларга жеткирүү маселеси кыйын, антсе да, акырындык менен жөнгө салып келебиз.  Ошондой эле, Бишкекте эки даректе, Жалал-Абадда, Ошто дүкөндөрүбүз бар. Башында цехтин өзүнөн гана сатчубуз. Жакында борбордогу дүкөндү кеңейтсек дейбиз. Анткени, суроо-талап күн сайын көбөйүүдө. Албетте, баасы элдин чөнтөгүнө жараша коюлат. Кардарларыбыз үчүн арзандатууларды кылып турабыз. «Кудай буюрса, бизден өндүрүлгөн кийимдерди дүйнөлүк брендке айлантабыз», — деген максатыбыз бар.

Улуттук бренд менен кошо улутту да таанытуудабыз

Улуттук бренд болгондуктан, аялзаты үчүн кыргыздын оймо-чиймеси менен кооздолгон заманбап кийимдерди тигип жатабыз. Жакында эле Орусия өлкөсүндө өткөн мода көргөзмөсүнө катыштык. Андан сырткары, Татар мамлекетинин борбору Казан шаарында болуп өткөн жарманкеге да бардык. Ага 8 мамлекеттен 184 компания келди. Биз кийимдерибизден тышкары, тамак-ашыбызды, кургатылган жемиштерибизди да ала барганбыз. Дегеле, мындай фестиваль, көргөзмө, жарманкеге көбүрөөк барганга аракет кылабыз. Мына, жакында эле Бишкекте аял кийимдеринин көргөзмө-жарманкеси өттү. Ал жерден кызыккандар көп болду. Айрыкча, өспүрүмдөр үчүн суроо-талап көп. Андыктан,  жетекчибиз менен кеңешип, кийимдин моделин элдин талабына жараша тигип берип келебиз.

Албетте, азыр жарнамасыз өнүгүү кыйын. Дегенибиз, рыноктон ордубузду таап кетүүбүзгө интернеттин жардамы зор. Буга байланыштуу, социалдык тармактардын баарына катталганбыз.  Андан тышкары, sajda.kg деген сайтыбыз, онлайн интернет дүкөнүбүз бар. Кызыккандар кийимдерибиздин түрлөрүн баракчаларыбыздан табышат. Ал тургай, интернет дүкөн аркылуу тапшырык да бере алышат. Үйүнө чейин жеткирип беребиз. Ошондой эле, дүкөндөрүбүздөн да келип алып кетишсе болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM