Биз менен байланышыңыз

УКМК пара алган Билим берүү борборунун кызматкерин колго түшүрдү

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 472 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкерин 15 миң сом пара алып жаткан учурда кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Окуя кечээ ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө болгон.  Маалыматта айтылгандай, кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн ага тиешеси бар фирманын өкүлүнөн пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган шектүү УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM