Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Көмүскө экономиканы жоймоюнча, мамкызматкерлердин маянасын көтөрө албайбыз

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 445 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көмүскө экономика менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Өкмөттүн «Өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү» программасынын жыйынтыктары каралган жыйында билдирди.

Өкмөт башчы чек араны кесип өткөн товарларга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтып, мунун айынан экономикага зыян келип жатканын белгиледи. Бул иш аткарылмайын, бюджеттен каржыланган жумушчулардын эмгек акысы көтөрүлбөй турганын эскертти.

Абылгазиев 2 ай мурда күйүүчү майды темир жол аркылуу гана ташуу зарылдыгы боюнча маселени карап чыгууну тапшырганын, бул иштин алдыга жылбаганын сындады. Андан сырткары, аймактагы ишкерлерге ар кандай текшерүүлөр жүрүп, тоскоолдук болуп жатканын айтты.

— Буга чейин бизнести текшерүүгө 2 жылга мораторий киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок жер-жерлерден ар кыл күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери баштагыдай эле текшерүүлөрдү жүргүзүүгө аракеттенишип, бул аркылуу бизнестин ишине жана өнүгүүсүнө тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу көптөгөн билдирүүлөр бар. Сиздердин ишиңиздерди биз 2019-жылдын биринчи жарымы боюнча комплекстүү баалайбыз, — деди премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM