Биз менен байланышыңыз

Карачолокова: «Жерүй» ишке кире элек» деген маалымат калп

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 573 | 0

«Жер үй» алтын кенинде иштер өз убагында жасалып келе жатат. «Алтын кен ишке кире элек» деген маалыматтар туура эмес. Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «паралеллдүү долбоорлоо» мыйзамы чыгып, курулуш иштери токтоп калган. Мындан улам макулдашуу иштери кечиккен. Ал үчүн «Альянс Алтын» компаниясы мамлекетке 600 миң доллар айып төлөдү.

«Жерүй» алтын кенинде 2018-жылы алтын казуу иштери башталмак. Жаңы курулуш иштери план боюнча башка агенттиктер менен макулдашуудан өтөт. Бирок «паралеллдүү долбоорлоо» боюнча мыйзам чыгып, ал кечиктирилип калды. «Альянс Алтын» даяр оокатка келген жок, андыктан алгач курулуш иштери болот. Учурда фабриканы куруу иштери жүрүп жатат. Ишкана өлкө мыйзамдарына баш иет», — дейт Карачолокова.

Маалыматка ылайык, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жер үй «кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй» аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

«Альянс Алтын» 2018-2031 жылдары кенди ачык ыкма менен жылына 1,3 млн. тонна кен иштетүүнү, суммардык түрдө 58,2 тонна алтын казып чыгууну пландаштырууда.

Copyright © 2017 Maral FM