Биз менен байланышыңыз

23-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 560 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-майда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 7…12….күндүз: 19…24;

Талас облусунда

түнкүсүн: 6….11….күндүз: 18…23;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 11…16….күндүз: 23…28;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…11….күндүз: 16…21;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….12…күндүз: 16…21;

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы күндүз 22….24, түнкүсүн 9…11 градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM