Биз менен байланышыңыз

Рысалиевдин жубайы башкарган «Эргене» фондуна Өкмөт 300 миң сом бөлгөн

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 2897 | 0

Өкмөттүн «Эргене» фондуна бөлгөн каражаты тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча коомчулукта айтылып жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт. Берилген жардам үчүн Өкмөт толук жоопкерчилик алат.

«Бизге «Эргене» фонду: «Рак илдетине чалдыккандарга дары-дармек алуу муктаждыгынан улам, марафон өткөрүп жатабыз, түшкөн каражаттарды ооругандарга жардам катары беребиз» деп кайрылган. Өкмөт мындай акцияларга көп эле катышып келет. «Эргене» фондуна да Өкмөт тарабынан 300 миң сом берилген. Жардамга кол сунгандарга Өкмөт даяр. Андай жардамдар башкаларга да берилип келет», — деди вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова.

Коомчулукта мындай суммадагы жардам бейөкмөт уюмдарга биринчи жолу берилгени, «Эргене» коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова буга чейин өкмөт башчынын бажасы деп талкууга алынган Иманкадыр Рысалиевдин жубайы болгондуктан, элдин кызыгуусу артып, мында жеке кызыкчылыктар болушу мүмкүн деген күмөн пикирлер айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM