Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пулдар боюнча 100 % төлөм болушу мүмкүн эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 423 | 0

Жол эрежесин бузууда айып пулдар боюнча 100 % төлөм болушу мүмкүн эмес. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кыргыз почтасы» эреже бузган айдоочуга айып каттарды 1 айдын ичинде жеткириши керек. Алсак, учурда 110 миңден ашуун айып каттын 20 %ы дарегине жете элек. Мындан сырткары, 15 % айып каттын дареги Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында көрсөтүлгөн маалымат менен дал келбей жатат. Даректерди тактап, тиешелүү деңгээлге жеткирген соң, төлөм жогорулайт», — дейт Саркулов.

Анын айтымында, айып пул мамлекеттик кызмат үчүн төлөнбөйт. Ал жол эрежесин бузгандарды тартипке чакыруу максатында салынат.

Камералар жарандардын статусуна, кызматына карабай, баарын каттайт. Ал эми операторлордун келген маалыматты жок кылып салууга мүмкүнчүлүгү жок. Эреже бузуулар алгач «ВЕГА» компаниясында, андан соң «Инфоком» ишканасында катталат.

«Мындан сырткары, ишеним кат милдеттүү документтин катарынан чыгарылышы учурда чоң көйгөй жаратууда. Аны чечүү боюнча сунуштар берилген. Бул маселелер боюнча бир канча отурум болуп, ишеним катты кайра милдеттүү документтин катарына киргизүү маселеси каралууда. Ал жакынкы арада чечилет», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM