Биз менен байланышыңыз

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна абитуриенттерди кабыл алуу 25-майга чейин улантылат

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 469 | 0

2019-2020-окуу жылына карата Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна бакалавр программасынын негизинде Кыргызстандын абитуриенттерин кабыл алуу 25-майга чейин улантылат.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы сынакка катышуунун негизи катары таанылат жана ага Кыргызстандын жарандары гана катышат.

Абитуриенттер «Эл аралык мамилелер», «Чет элдик аймак таануу», «Экономика», «Юриспруденция», «Журналистика», «Жарнама жана коом менен байланышуу» бөлүмдөрүнүн бирине документтерин тапшыра алат.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москва шаарынан орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

Эске салсак, аталган окуу жайга кабыл алуу  2-майдан 20-майга чейин бакалавр программасынын негизинде Кыргызстандын абитуриенттеринин документтерин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM