Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэриясы энелерди сыйлады

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 432 | 0

Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Баатыр энелер жана коомдук ишмер айымдар катышты.

Саибжан Турдуев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды куттуктады.

«Энелерибиздин татыктуу үй-бүлѳ күтүп, бала тарбиялап, коомдук турмушка активдүү катышып, Ош шаарынын демографиялык ѳсүүсүнѳ салым кошуу менен жогоруда белгиленген мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болуп жатышкандыгы бизди сүйүндүрбѳй койбойт», — деди биринчи вице-мэр.

Майрамдык иш-чарада энелерге шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын «Ардак грамоталарын» тапшырды. Ошондой эле, көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени, «Эне даңкы» медалы, баалуу белектер ыйгарылды.

Мындан сырткары, дайымкы көзөмөлгө муктаж майып балдарды баккан социалдык жактан колдоо керек болгон энелерге материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM