Биз менен байланышыңыз

Оштун Кара-Суу районунда малды сел алды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 518 | 0

Кара-Суу районундагы Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунда сел жүрүп, жергиликтүүлөрдүн 25 бодо малын агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерге министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобунан 27 куткаруучу барган. Мындан тышкары, жергиликтүү 20 тургун тартылган.

Маалыматка ылайык, ӨКМ кызматкерлери менен айыл тургундары селге агып өлгөн малдын өлүктөрүн Папан айылындагы жайытка көмүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM