Биз менен байланышыңыз

Байкал: 25 млн жылда пайда болгон көлдү жок кылууга 50 жыл жетиштүү

Дүйнө | 21 мая 2019 | 534 | 0

«Байкал көлү сазга айланабы?» — деген жаңылык швециялык «Дагенс нюхетер» басылмасында жарык көрдү.

Анда дүйнөдөгү эң таза сууга ээ болгон Байкал көлүнүн экосистемасынын өзгөрүүсү окумуштууларды тынчсыздандырып жатканы айтылат. Анткени, акыркы изилдөөлөргө ылайык, Байкал көлүндөгү суунун температурасы мурункуга салыштырмалуу жылый баштаган.

Швециялык изилдөөчүлөрдүн айтымында, дүйнөдөгү эң терең жана таза көлдүн пайда болушуна 25 миллион жыл кеткен болсо, эми аны жок кылууга 50 жыл жетиштүү. Себеби акыркы 70 жылдыкта Байкалдын үстүнө тоңгон муздун калыңдыгы 12 смге азайган. Ал эми муз тоңбогон күндөрү 18 күнгө узарган. Эгер абал ушундай таризде улана бере турган болсо, бир гана Орусиянын Сибир аймагына эмес, бир канча кошуна мамлекеттерге да кесепети тиерин эскертишет. Мындан улам «Сибир бермети» аталган бул көлдүн экосистемасын сактап калууга жапа тырмак киришүүгө чакырат шведдик окумуштуулар.

Белгилей кетсек, Байкал көлүндөгү таза суунун запасы дүйнөдөгү бардык таза суу запастарынын 20 %ын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM