Биз менен байланышыңыз

Дарья Маслова Казакстанда өткөн жарым марафондун жеңүүчүсү болду

Кыска кабар , Спорт | 19 мая 2019 | 610 | 0

Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова бүгүн, 19-майда Казакстандын Караганда шаарында өткөн жарым марафондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу машыктыруучусу Виктор Борисов билдирди.

Ал 21 чакырым 97,5 метр аралыкты 1 саат 7 мүнөт 47 секунд убакытта чуркап өтүп, аялдар арасында жеңүүчү аталды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Жоодар Кочконбаев 1 саат 7 мүнөт 47 секунддук жыйынтык көрсөтүп эркектер арасында үчүнчү орунду алды.

Март айында Дарья Маслова Ташкентте өткөн жарым марафондун жеңүүчүсү болсо, апрелде ошондой эле мелдеште Дүйшөмбү шаарында жеңишке ээ болгон. Ошондой эле бир жума мурун, Ысык-Көлдө өткөн марафондон биринчи орунду алган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM