Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандын президенти менен сүйлөштү

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 415 | 0

Бүгүн, 17-майда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда, мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө, эки бир тууган элдин бакубатчылыгы үчүн эзелтен берки кыргыз-казак достук, ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө чечкиндүүлүктү тастыкташты.

Copyright © 2017 Maral FM