Биз менен байланышыңыз

«КТ Мобайл»: Иманкадыр Рысалиев тарабынан Жамангуловго коркутуулар болгон

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 881 | 0

“КТ Мобайл” ишканасы боюнча “Альфа Телеком” (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жамангуловго Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгон. Бул тууралуу ал Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отурумунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Өкмөттүн аппарат жетекчисинин кабинетинен, дагы башка жерде үч-төрт жерде чогулуш өткөрдү. Өзү өткөрдү. Аталган долбоорлорду ишке ашырууга каршы болгондорго карата жумуштан четтетем деген коркутуулар болду. Бул долбоорду ишке ашырыш керек, мамлекет үчүн зарыл долбоор”, — деп көп эле коркутуулар болду. Мен Иманкадыр Рысалиевди сыйлайм, тажрыйбалуу киши. Үй-бүлөмө чейин асылды. Текшертем, укук когоргоо органдарын салам, үй-бүлөңдү кара, түбүңө жетем деген телефон аркылуу коркутуулар болду”, — деди Акылбек Жамангулов.

Ушу тапта Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM