Биз менен байланышыңыз

4-июлда Шаржа-Бишкек түз аба каттамы ишке кирет

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 582 | 0

«Air Arabia» авиакомпаниясы 4-июлдан тартып, Бириккен Араб Эмираттарындагы эң чоң шаарлардын бири болгон Шаржа шаарынан түз Бишкекке аба каттамын баштайт. Каттамдар  жумасына төрт жолу ишке ашырылмакчы.

Тышкы иштер министрлиги Өкмөттүн «2019-2023-жылдардагы Туризмди өнүктүрүү» программасынын алкагында логистикалык жаңы каттамдарды ачуу жана географияны кеңейтүү үчүн тийиштүү иштерди жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барууда.

Жаңы аба каттамын ачуу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга жана туризимди өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Кошумчалай кетсек,  «Air Arabia» авиакомпаниясы 2003-жылы Шаржа шаарында түзүлгөн Араб ташуучулар уюмунун учурдагы мүчөсү (AACO) болуп саналат. Анын карамагында «Airbus А320» маркасындагы 53 самолеттун жаңы түрү бар. Аталган авиакомпаниянын 130 өлкөгө каттамы бар.

Copyright © 2017 Maral FM