Биз менен байланышыңыз

Энелер күнү: Белгилүүлөр энелери менен «Маралда» [ФОТО]

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 1902 | 0

Марал радиосу бүгүнкү бардык эфирлерин кыргызстандык энелерге арнайт. Тагыраак айтканда, Энелер күнүнө карата атайын берүүлөр топтому обого чыгууда.

Эрте менен саат 8:00дө «Белгилүүлөр энелери менен» атайын чыгарылышы обого чыкты. Анда коомдук ишмер Чынара Касмамбетова апасы Асангүл Абдыгулова менен келип, кызыктуу маек куруп беришти.

Студиябыздын алгачкы коногу коомдук ишмер Чынара Касмамбетованын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана драматург Асангүл Абдыгулова:

— 7 бала тарбияладым. Эне болгон соң, ар бир балаң элге кызмат кылса дейсиң. 44 жыл мектепте иштедим. Окуучуларга өзүңдүн балдарыңа караганда көп тилейсиң. Балдарыңдын бала бакчадан тарта мектепке чейинки аралыкта алган бааларын карап, кубанып, демденет экенсиң. Ар дайым тандаган кесибинин майын чыгарган кесипкөй адам болушса экен деп тилеп келем. Балдардын ийгиликтерине эргийсиң, колдоп турушкан сайын чыгармачылыгың артат. Албетте, уул-кыздарды тарбиялоонун түйшүгү көп болду. Окуу жайды бүткөн соң, кесипке ээ болуп кетүү жагы абдан татаал, ошол убакта эненин тынчсыздануусу күчөйт. Качан алар ордун тапканда кубанып, жашоонун кызыгын көрөт экенсиң. Анан азыр жаш энелер биздин замандагыдай эмес, алар заманга жараша балдарын тарбиялап, сүйүп турса… Эне мекенчил болсо, балдары да мекенчил болот. Эненин жүрүм-туруму балдарга чоң үлгү.

Чынара Касмамбетова:

— Апам — колдоочум. Апалары бар адам эч качан карыбайт. Сөз менен бербесек да, ички сезим күчтүү болот окшойт. Бир балам бар, аны чоңойтууда да көп ойлонуп, кантип тарбиялайм деп түйшүк тартам. Көп балалуу үй-бүлөлөр балдарын жакшы тарбиялаган. Апам мектепте иштегенде берилип иштеп жүрчү. Апамдын нерви коробосо экен деп аяй берчүмүн.

Ал эми актёр, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Жанжигитов да апасы менен келип, эне-баланын ортосундагы мамилелер тууралуу айтып беришти.

Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору, актер Жолдошбек Жанжигитов да апасы Замира Тапаева менен келип, «Маралдын» энелер күнүнө арналган эфиринин коногу болду. Замира Тапаева актер уулу жана бала тарбиялоо тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү:

— Мен балам менен сыймыктанам. Баламды элдин баласы дейм. Даражасы көтөрүлгөн сайын «Ушул ийгиликтерин атасы да көрсө болмок», — деп ичимден сызып алам. Баламдын амандыгын, ден соолугун күнү-түнү тилеп келем. Уулум кичинекей кезинде эле жөндөмү бар эле. Ыраматылык таенеси «балам артист болот» дечү.

Келиним (Жолдошбек Жанжигитовдун жубайы,-ред.) көп сүйлөбөйт. Мен келгенде тосуп алып, баарын даярдайт. Неберелерим эми айтып бүткүс… Келин экөөсү кеңешет окшойт, белектерин беришип, оюмду айттырбай түшүнүшөт.  Кудай жаман көздөн сактасын. Уулум келсе дөө-шаа келе жаткандай болот. Бул жок болсо, үй караңгылай түшөт. Дүйнө жүзүндө бардык энелерге ден соолук калаайм.

Жолдошбек Жанжигитов

— Бардык эне кол жеткис. Мен өзүнө көп айталбаганым менен, апам менен сыймыктанам. Таятам райондун молдосу болчу. Ал: «Менин жолумду жолдойсуң», — дечү. Мен: «Коюңузчу!» — деп качар элем… Өзүмдүн балдарым чоңоюп калганына карабай, апама дале эркелеп, көп тентектик кылам. Кээде көп көңүлүн оорутуп алган күндөрүм да болот. Андайда өкүнүп калам, сыртка чыкканда экинчи антпейм дейм. Аялдар жөнүндө көп эле жазыпмын, а бирок апама жазбапмын. Балким көрөңгөм толо электир. Андайда апам: «Баарына эле жазасың, мени деле эстеп койсоң боло», — деп таарынат. Апамдын өмүрүн тилейм. Биздин жакшылыктарыбызды көрүп, ден соолукта болсун. Апамдын батасын күн сайын алууга ашыгам. Апам менен сыймыктанам. Ал мен үчүн дайым жаш жана сулуу.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын апасы Гүлипа Сүйүнбаева да бүгүн бизде конокто болду. Гүлипа апа жети баланы чоңойтконун айтып, кызыктуу маек курду:

— Майрам дайыма эл-журт, балдар менен болсун. Быйыл 85 жашка чыктым, жети баланы өсурдүм. Балдарым менен сыймыктанам. 1954-жылы Таластагы мектепти күмүш медаль менен бүткөм. Клара да менин жолумду жолдоп, күмүш медаль менен бүттү. Кызым кичинекейинде эле абдан тың болчу. Чыбык алып келип, балдардын бутуна гана чаап коюп тарбиялачумун. Клара ал таякты жебей калды. Анткени, абдан сезимтал эле. Биринчи класстан тарта, өтө тың, чыйрак болчу. Орус жана кыргыз тилин мыкты үйрөндү. Биздеги үй-бүлөнүн өзүнүн эрежелери бар. Мисалы,балдарымды «мама, папа» дедирбей, «ата, апа» дедирип тарбияладым. Биздин үй-бүлөдө орусча сүйлөгөнгө уруксат берилчү эмес. Клара үйдө да болгонун болгондой калыстык менен сүйлөйт. Ошого карата атасы кызымдын сот болорун билгем деп калат. Ооруп турсам да, Клара ойлонбосун деп, мен сопсоомун дейм. Балдарымды көп эркелеткен жокмун, мектептеги окуучуларыма кандай мамиле кылсам, ошондой карачумун. Мен негизи балдарымды биринин кийимин бирине кийгизип эле тарбияладым. Ошого жараша ар кимиси өз арабасын тартып жатат. Учурда 30дай небере, 15тей чөбөрө болуп калды. Кудайдан тилегим эле биздин балалыкты, биз тарткан кыйынчылыктарды кийинки жаштар көрбөсө экен дейм…

Клара Сооронкулова:

— Биз чындыгында салттуу кыргыз үй-бүлөсүбүз. Апам турмуштун кыйынчылыгын көп көргөн. Бирок ага карабастан мектепти күмүш медаль менен бүтүп, 7 баланы тарбиялап, баарыбызды өз ордубузга тургузганына ыраазымын.  Мен кезинде абдан эрке болчумун. Атам эркелетсе, апам катуу кармачу. Атам кызматкер болгондуктан, кээде 1-2 күн көрбөй да калчубуз. Атам пенсияга чыккан соң, атам менен жакын мамиледе болуп алдык. Апам менен кеңешип турам, бирок көп учурда майда нерселерди айтпабыз. Бирок алардын акылы керек болгон маселе болсо кеңешебиз. Апамдын оюн угуп, сүйлөшүп отурган убак болот. Апа майрамыңыз менен! Сизге чоң ыраазычылык айтам, «Марал» радиосу чакырып калганда ойлонуп калдым, өз турмушуңуз менен үлгү болуп, көп нерсеге үйрөтүпсүз. Бар болуңуз, биз менен аман туруңуз! Биздин төрүбүздө отуруп, жакшылыктарыбызды гана көрүңүз!

Мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовдун апасы Созул Исмаилова да «Марал» радиосунда конокто болду:

— Ар бир апанын маанаайы ачык болсун. Уулум элдин баласы болгонуна сыймыктанам. 5-10 бала болсо да алардын өнөрү, ою ар башка болот. Балага негизги тарбия үйдөн болушу керек. Экинчи тарбия адамдын чөйрөсүнөн көз каранды.  Алтынбек кичинекей кезинде бутунан мурда,  тили чыккан. Кичинекейинен тарта зирек болчу. 5 жашында “мен артист болом” дечү. Уулумда усталык өнөрү да бар. Ал буга чоң ата бабаларыбыздан өтсө керек. Атабыздын да колу уста, көп кырдуу талант эле. Бала энесин 9 ай курсагында, өмүр боюу жүрөгүндө көтөрөт эмеспи. Балам мамлекеттик чоң кызматка барганда мойнуна таш илип койгондой сезилчү. 

Бир кызыктуу окуя айтып берсем: Алтынбек 9-класста бир кызды айтып калды. Аты Света экен. Ал кезде айылда гүл да, жоолук да тартыш болчу. Баланын көңүлү деп Бишкектен атайын гүл алдырып бергем. Алтынбек студент кезинде  мага белдемчи сатып келип берген. Эч ким белдемчи кие электе биринчилерден болум белдемчи тагындым. Мындан сырткары, Москва окуп жүргөндө да жакшы көйнөк алып келгени эсимде. Азыр да маянасынан “ооз тийгизишет”.

Биз улуу муун болуп калдык. Жазылбаган мыйзамдарыбыз болчу. Азыркы жаштар да акылдуу, билимдүү. Жүрөгүндө ыйман, намысы сабыры болсо, жакшы жаштар өсүп келе жатат.

Алтынбек Максутов: 

— Мен чоң апамды көп ээрчидим. Балдарым да чоң апасы менен өссүн деген тилекте үйдүн улуу баласы болсом да, апамды жаныма алып жүрөм. Менин боюм узун болгондуктан апам менен чогуу жүрүп калсам, көргөндөр апама “бул иниңизби” деп калышчу. Апам менен сырдашкан учурум көп болот. Бир туугандар, неберелер да апам менен кеңешебиз. Анткени апамды “биздин ханышабыз” деп коёбуз. Мен да алкышымды, апама болгон сүйүүдү ар дайым айтып келем. Бизди кантип багып өстүрсө, биз андан миң эсе бапестешибиз керек. Апамдын маанайы түшүп калса, дароо сурайм. Апамдын маанайы түшпөсүн деп кээде атайын ооруканага жатып, дарыланып чыгат элем(күлүп). Бала кезде бардык бир туугандар апабыздан сабоо жеп, тил уктук. Бул туура, айыл жергесинде андай болбосо да болбойт. Тоону томкоруп, боз ала чаң болуп эмнени гана кылбадык. Мектепте пол жууган кызматкер, досум экөөбүздү “Экөөнүн жаны тынбайт деп” бизди жөн эле өтүп бара жатсак да чымчый берчү. Ошондо абдан бейбаш окшойбуз. Азыр да апабыздын кареги  менен айланып, карап турабыз.

Акыркы 10-15 жылдан бери кубанган күндөр көп болушун калаап, баарыбыз апабызга жакшы сөз айтууга ашыгабыз. Апамды неберелери “энекебай” дешет. Жайкы каникулда неберелери “энекебайдын” сабагынан өтөт. Дайыма апам менен сыймыктанам. Энеге арналган ырлар көп, бирок бул да аздык кылат. Бул жашоодо апамдан өткөн кымбат нерсе жок. Мен апамды сыйлайм, ал бизди чоң деңгээлге жеткирди. Биздин ийгиликтерибизге апамдын кызматы, орду чоң. Бул жашоодо бакыт кандай болсо, ошонун баарын апам көрсүн. Биз апабызды өзгөчө сүйөбүз. Энеден ыйык эч нерсе жок.

Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунун апасы Арпажан Абирова да биздин сыйлуу коногубуз болду.

— 4 баланы тарбияладым. Закирбек эң кенжеси. Ал отузга чыкса да эркелеп жатат. Өнөрлүү адамда назик болот окшойт. Туура эмес сүйлөп койсоң дароо кыйшайып калат. Башка балдарыма салыштырганда Закирбек башкача. Ал кичинекей кезинде абдан жоош болчу.  Закирбек 4 айынан тарта комуз күүсүн угуп чоңойду. Радиону коюп, бешикке бөлөп коюп эле үй оокатымды кылып жүрчүмүн.  Буга койгон күүлөрдү дагы эле сактап жүрөм.  Бирок, балам комузчу болот деп эч ойлочу эмесмин. Атайын комузчу болсун деп да ойлогон эмес экем. Мүмкүн ырларды коюп койсом, ырчы болуп кетмек беле деп ойлойм. Закирбек 1-класста Кара Молдо атабыздын “Ибарат” күүсүн чертип, жарыштан гран-при алып келди. Алгачкы белек алганда, баламдын белегин ыйык сезип, аздектеп жүрөм. Эне үчүн эң чон белек — баланын амандыгы. Дагы деле сыртка кетсе уктабай күтүп отурам. Бала эне үчүн өтө ыйык.

Закирбек Дүйшөнбек уулу апасына арнап, «Ибарат» жана“Кер толго” күүсүн чертип берди.

— Бала кезимде апам мага арнап “Ибарат” күүсүн койсо, мен апама арнап чертип берейин. Бул күүнү жети жылдан бери ойной элек экем. Буир туугандардын арасында комуз менен кеткен мен эле болдум. Менден башка 3 бир тууганым да комуз чертип, дастан айтат. Бирок, алар кесиби башка болуп кетти. Атам менин комуз черткенимди көргөн да эмес эле. Ал командировкага кетчү. 5 жашымда комуз чертип отурсам, балдарыңды кой десең, чарчап келдим дейт. Атам көргөн көзүнө иенбей, кайра кайра комуз черттирген. Мен обонду уксам эле ойной берчүмүн. Ошентип атам комадировкага да кетпей калды. Апам дегенде мен ар дайым ак жоолугу менен элестетем. Алгачкы белек катары жоолук берсем керек.

Апага жакшы тилектен башка нерсе болбосо керек. Айрыкча эркек балдардын бактылуулугу, акырети апасына байланыштуу, анын таманы астында жайгашкан экен. Апама жакшы нерсе айтуу оор, тамагымда бир нерсе турат. Апа, эки дүйнө бактылуу болуңуз! Балдарыңызга ыраазы болуп, ар дайым көп жашаңыз. Биздин жакшылыктарыбызды көрүңүз, өмүрүңүз узун болсун. Алла ыраазчылыгын тапкан, бейиштик энелерден болуңуз. Эненин ыраазычылыгын табуу бала үчүн эң кыйын нерсе. Биз кандай жакшылыктарды кылбайлы, аларды урматтап-сыйлабайлы, эненин бир күндүк ак сүтүн, толгоосуна татыбайт экен. Андыктан апа, өмүр бою сиздин алдыңызда кызмат кылып, сиз үчүн жашайбыз. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай чоңойтуп, ушул күнгө чейин сарсанаа болуп, жүргөнүңүзгө рахмат. Бар болуңуз.

Мындан сырткары саат 13:00дөн 15:00гө чейин атайын угармандар үчүн «Апама алкыш» уктуруусу башталат. Анда угармандар студияга келип, апаларына түз эфирден чалып куттуктоо жана каалоо тилектерди айтышат.

Ошондой эле, башка уктурууларыбыз да энелердин көйгөйү, маселелерине арналмакчы. Биздин жыштыктар Бишкекте 88.5, Ош жана Жалал-Абадда 95.3, Ысык-Көлдө 105.5 жана Нарында 106.3, Таласта 106.1 жана Баткенде 105.5

Ал эми бизди онлайн бул шилтеме аркылуу уга аласыздар  http://maralfm.kg/radio/

Мындан сырткары, биздеги эфирлер Facebook  баракчабыздан  түз көрсөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM