Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө алгыр куштарга паспорт берилүүдө

Коом | 15 мая 2019 | 774 | 0

Ѳлкѳ боюнча ит агытып, куш салгандардын көпчүлүгү — Ысык-Кѳлдүн тургундары. Себеби, 3 жолку дүйнѳлүк Кѳчмѳндѳр оюнунун өтүшү ышкыбоздорго абдан чоң дем берди. Ал тургай, колуна куш кондуруп, же тайган жетелеп сүрөткө түшүрүүнү бизнеске айландырды. Эми канаттууларды сактоого талаптар каралат.

-Менин куш таптаганым, биринчиден, атадан калган өнөр. Башкалар сыяктуу пайда табууну көздөбөйм. Болгону, өнөр катары тутунуп, эӊ кенже балама мурас кылып кетсем дейм, — деди Ысык-Көл районунун тургуну Түгөлбай Абдыкадыров.

Ушул сыяктуу эле облуста алгыр канаттууларды таптагандар көбөйдү. Айрым ышкыбоздор салбуурунга байланыштырса, айрымдары жайкы туризмде киреше табуучу булакка айландырды. Аткезчилик жол менен кымбат баага саткандар да жок эмес. Бул жылы кызыл китепке кирген канаттууларга аяр мамиле жасоо максатында калк арасына түшүндүрүүлөр башталды. Биотүрдүүлүктү сактоо жана жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн Камчыбек Шабиев мындайча айтып берди.

— Көчмөндөр оюнунда өзүбүз күбө болгондой кичинекей балдардан баштап, чоӊ адамдарга чейин ар кайсы куштун түрүн меймандардын колдоруна кондуруп, сүрөткө түшүрүп жатты. Учурунда түшүндүрмө бергенге өтө кыйын болуп, пикир келишпестик да орун алды. Жаз алды менен алгырларды сактоо максатында маалымат жеткире баштадык. Алгач Тоӊ районундагы 10го жакын кушка каргы тагып, паспорт берип келдик. Бул аракет браконьерлерге бөгөт коет. Анткени, каалаган киши канаттууларды уялардан каалашынча алып, сүрөткө түшүрүп жана башка максатта колдонуп жатышат. Анан куш картайып, ууга жарабай калганда, кайра талаага кое беришет. Колго көнгөн жаныбар өз алдынча жан бага албай кырылып жатат.

Канаттууларды коргоо аракети өкмөттүн 501-токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Анда ышкыбоздор куш кармоо үчүн L жана A категориялары боюнча 10 жылдык мөөнөткө күбөлүк алышат. Ал ортодо ителги, бүркүт жана башка алгыр канаттуулардын көкүрөгүнө жашы, салмагы, түркүмүнө жараша каргы тагылат. Азыр Тоӊ районунда жакшы натыйжа берип жатканын мергенчи Нурбек Амантуров белгиледи.

— Биздеги ителгилер өтө баалуу болгондуктан, бул учурга чейин брконьерлер балапандарын кармап сатып жиберишчү. Азыр доо айып кымбаттагандан жана уяларга фото капкандар коюла баштагандан тарта, эл коркуп тийишпей калды. Андан сырткары, куш таптагандар паспорт алып жатышат.

Канаттууларга паспорт берүү үчүн жер-жерлерде түзүлгөн комиссия жарандардын жашоо шартын карап чыгышат. Анда текшерүүчүлөр жарандын кылмышкер эместигин, соттолбогонун, кушту кармай турган уянын шарттарын, азык-түлүгүнө чейин көз салат. Бул туура аракет экенин «Салбуурун» федерациясынын президенти Алмазбек Акунов да кубаттайт.

— Биз 15 жылдан бери чыныгы мүнүшкөрлөрдү аныктап бүткөнбүз. Федерацияда канча мүчө болсо, башка кызыкчылыкты көздөгөн браконьерлердин саны андан да көп. Ошондуктан, эми чыныгы мүнүшкөрлөрдү мыйзамдаштыруу туура аракет. Паспорт берүү үчүн комиссиянын мүчөлөрү тургундун турмуш шартынан баштап, канаттуу багыла турган санитардык талапка чейин карап чыгышат. Бир нече талаптар аткарылгандан кийин гана уруксат берилет, — деди ал.

Эске сала кетсек, өлкө ичинде ителги, бүркүт жана башка канаттууларды мыйзамсыз кармагандарга мамлекеттин 224-токтомунун негизинде жарым миллион сомго чейин доо айып салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM