Биз менен байланышыңыз

АКШ Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 2,5 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 821 | 0

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого 2,5 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу орус басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат жергиликтүү шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөгөн, шайлоону ЖМКларда чагылдырган, социалдык тармактарда таасир этип турган уюмдарга берилет. РФнын саясат талдоочуларынын айтымында, демократияны колдойбуз деген шылтоо менен Вашингтон суверендүү өлкөнүн ички саясатына түздөн-түз таасир этүүнү пландап жатат. Орус серепчилеринин ою боюнча, каржылык колдоо көрсөтүү аркылуу АКШ буга чейин башка өлкөлөргө кылып келгендей эле, кыргыз парламентине да батышчыл фракцияларды жайылтышы мүмкүн.

Грант берүүчүлөрдүн негизги максаты: шайлоочулардын шайлоо участкасына жана мамлекетке ишенимин арттыруу экенин белгилеген. USAID бөлүнгөн каражатты айрыкча, «жергиликтүү кыргыз шериктери», тактап айтканда, өлкөдө катталган уюмдардын алуусуна көңүл бурууда.

Иш кагазына ылайык, байкоочулар «шайлоочулар өз алдынча баамдай бербеген» учурларга басым жасоосу кажет. Мисалы, талапкерлерди колдоо, шайлоону маалымат каражаттарында чагылдыруу жана социалдык тармактарда да өз таасирин көрсөтүү сыяктуу.

«Бул маалыматтарды жеткирүү жарандардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, шайлоого ишенимдүү түрдө катышуусуна шарт түзөт», — деп жазылат гранттын иш кагазында.

Анда белгилегендей, добуш берүүдөн соң да байкоочулар жарандар менен парламент ортосунда «ишенимдүү алаканы» түзүшөт. Грант алгандар өлкө тургундарын, депутаттардын аткарган иштери боюнча кабардар кылып, алардын шайлоо алдында берген убадаларынын аткарылуусун көзөмөлдөйт.

Бирок, Орусиянын саясий маалымат борборунун башкы жетекчиси Алексей Мухин, «демократияны колдоо» шылтоосу менен Вашингтон Кыргызстандын ички иштерине аралашууну көздөөдө деп эсептейт.

«Бул жерде Америка суверендүү мамлекеттин шайлоосуна кийлигишүүсү түздөн-түз жана документтештирилген түрдө болууда. Мындай аракет Кошмо Штаттарына таандык эле нерсе. Бөлүнгөн каражат Американын таламын талашкан талапкерлерди колдоого жана аларды маалыматтык жактан камсыздоого кетери шексиз», — деп билдирет ал орус басылмаларына берген маегинде.

АКШ жана Канада институнун башкы илимий кызматкери Владимир Васильев да Америка өз кызыкчылыгын көздөп жатканын, анын таламын талашкан талапкерди колдоорун белгилеген. Ошондой эле, таасирдүүлүгүн күчөтүү максатында, мындай механизмди Америка буга чейин башка өлкөлөрдө колдонуп келгенин кошумчалаган.

Андан сырткары, орус серепчилери Кошмо Штаттардын башкы көздөгөнү Кыргызстан менен Орусиянын ортосун алыстатуу экенин белгилешет. Алексей Мухин мындай аракеттер Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө да жасалып жатканын айтат. «Саясатты өзүнө каратуу менен алдыда аскердик базасын да күчөтүү максаты болушу мүмкүн», — дейт Мухин.

Copyright © 2017 Maral FM