Биз менен байланышыңыз

Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгондор эскерилди

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 402 | 0

Бүгүн, 15-майда Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара кызмат учурунда курман болгондордун айкелдерине гүлчамбарлар коюу, аларга арнап Куран окуу жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпай тургандыгын, Мекен үчүн өтөгөн өрнөктүү өмүрлөрү келечек муун үчүн үлгү болорун, өлбөс-өчпөс ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында түбөлүккө жазылып каларын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 1991-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин саны 30га жеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM